Институттун ИЛИМПОЗ ДОКТОРЛОРУ жана ПРОФЕССОРЛОРУ менен СТУДЕНТТЕРИНИН ортосунда жолугушуу иш-чарасы болуп өттү
14:32
09-12-2025
285
2025-жылдын 09-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун ИЛИМПОЗ ДОКТОРЛОРУ жана ПРОФЕССОРЛОРУ менен СТУДЕНТТЕРИНИН ортосунда “УСТАТТАР КЕҢЕШИ – СТУДЕНТТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ” аталышында иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун максаты:
1. Студенттерге илимий жана кесиптик тажрыйба берүү;
2. Муундар ортосундагы диалогду чыңдоо;
3. Келечек кесип тандоого багыт берүү;
4. Мотивация берүү жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
5. Студенттик демди жана илимий чөйрөнү өнүктүрүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
1. Илимдин докторлору жана профессорлор өздөрүн тааныштыруу менен бирге илимий билимдерин жана тажрыйбаларын бөлүшүү менен биргеликте студенттерди илимге кызыктыруучу акыл насааттарын айтышты;
2. Докторлор менен студенттердин ачык баарлашуусу аркылуу ой-пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүлдү;
3. Студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө стимул берүү жана карьералык жолдор боюнча кеңеш берүү орун алды;
4. Студенттерди илимий долбоорлорго жана илимий изилдөөлөргө катышууга шыктандыруучу кеп-кеңештер айтылды;
5. Институттун жаш муундарынын илимий потенциалын баалоо жана колдоо аркылуу окуу жайдын илимий маданиятын күчөтүү аракети жолго салынды;
6. Илимпоздор менен студенттердин ортосунда ачык микрофон уюштурулуп, кенен форматта суроо-жооптор орун алып пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында:
3. Эң жакшы берилген суроолорго ИЛИМПОЗДОР тарабынан белектер тапшырылып, студенттерге мотивация берилди;
4. Жалпы ДОКТОРЛОР, ПРОФЕССОРЛОР менен бирге эстелик үчүн фото сессия, видео сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып иш-чара жыйынтыкталды.
Урматтуу институттун ИЛИМПОЗДОРУ!
Ар дайым ден-соолукта болуңуздар. Сиздердин кеп-кеңешиңиздер студенттер үчүн ТАБЫЛГЫС БАЙЛЫК болуп эсептелет!