Жанылыктар

ОшМУнун медициналык колледжинде улуттук рейтинг критерийлерин аткаруу боюнча жыйын өттү

2025-жылдын 10-декабрь күнү ОшМУнун медициналык колледжинде, Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү программаларынын улуттук рейтингинин бүтүрүүчүлөргө тиешелүү критерийлери:

1. Бүтүрүүчүлөрдүн анкетасы жана анализдин жыйынтыктары

2. 2 жылдын ичинде бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу

3. Жогорку кесиптик билим берүүнүн тиешелүү билим берүү программасы боюнча окуусун уланткан бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү

Жогорудагы критерийлер боюнча кичи жыйын өткөрүлүп, бүтүрүүчүлөргө кандай тартипте анкета толтуртуунун жана маалымат жыйноонун үстүндө жетекчилик менен иш мерчемдер пландалып, бүтүрүүчүлөр боюнча координаторго тапшырмалар берилди. Бүтүрүүчүлөр бүгүндөн баштап практика жана карьера борбору тарабынан Google форманын жардамында түзүлгөн анкетаны аралыктан онлайн толтуруп башташат.

203 09:47 10-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|