Жанылыктар

4-курс студенттеринин жыйынтыктоочу педагогикалык конференциясы

2025-жылдын 11-декабрында ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда күндүзгү бөлүмдүн 4-курс студенттеринин жыйынтыктоочу педагогикалык конференциясы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кесиптик-профилдик педагогикалык практиканын жыйынтыктары боюнча презентациялары менен бирге отчетторун сунуштап, методикалык материалдардан турган көргөзмө уюштурушту. Практика өткөн мектептердин жана мугалимдердин иши тууралуу пикирлерин айтышып, жакшы жактарын жана көңүл бурууну талап кылган маселелерди белгилешти.

Конференцияда педагогикалык практиканы мыкты деңгээлде аткарган студенттер ардак грамоталар менен сыйланышты.

Иш-чарага төмөнкүлөр катышты:

  • Институттун педпрактика боюнча жетекчиси Буранов Э.Ш. ,

  • психология мугалими Сабирова М.М.,

  • сырттан окутуу боюнча директордун орун басары Зулушева А.Т. ,

  • ошондой эле башка методисттер жана окутуучулар.

Конференция жемиштүү өтүп, студенттердин практикалык даярдыгын жыйынтыктоодогу маанилүү этаптардын бири болду.

55 04:55 12-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|