Журналистика адистигинин өндүрүштүк жана долбоордук практикалары боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү
08:33
12-12-2025
173
12-декабрь күнү саат 11:00дө Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунда журналистика багытынын студенттеринин өндүрүштүк жана долбоордук практикаларынын жыйынтыктары талкууланган конференция болуп өттү.
Иш-чарага журналистика адистигинин күндүзгү окуу формасындагы 3-курстарынын өндүрүштүк практикасы жана 4-курстарынын долбоордук практикасы боюнча отчетторун сунуштаган студенттер, практика жетекчилери жана окутуучулар катышты.
Конференцияда студенттер практика учурунда аткарган иштери, медиа мекемелердеги тажрыйбалары, даярдаган материалдары жана долбоорлорунун жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Практика жетекчилери студенттердин жоопкерчилиги, чыгармачылыгы жана кесиптик көндүмдөрүнүн өнүккөнүн белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө практика учурундагы ийгиликтер, кыйынчылыктар жана келечектеги багыттар боюнча пикир алмашуулар болду. Жыйынтыгында студенттерге практикалык иштерин ийгиликтүү коргогону үчүн сертификаттар жана сунуштар берилди.
Конференция журналистика адистигинин студенттеринин кесиптик даярдыгын чыңдоодо маанилүү кадам болду.