«Адамды адам кылган – билим» аталышындагы тарбиялык иш-чара өттү
03:50
13-12-2025
35
2025-жылдын 12-декабрь күнү педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Самиева Айсана Жакыпбековнанын жетекчилиги алдында филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун 2-курсунун студенттери арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу адамдын асыл сапаттарын таануу жана баалоого багытталган «Адамды адам кылган – билим» аттуу тарбиялык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага педагогика кафедрасынын улук окутуучулары Сапарова Бадам, Байсубанова Венера жана окутуучу Жусупова Азизакан катышып, студенттердин чыгармачылыгына, ойлоруна жана активдүү катышуусуна колдоо көрсөтүштү.
Иш-чара 4 этаптан турган конкурстук форматта өтүп, жалпы 6 команда күч сынашты. Жыйынтыгында:
• 1-даражадагы диплом – «Беш турна» командасына
• 2-орун – «Бахияна» командасына
• 3-орун – «Мурас» командасына ыйгарылды.
Иш-чара студенттердин ой жүгүртүүсүн өркүндөтүп, Айтматов чыгармачылыгы аркылуу адамдык асыл сапаттардын маанисин тереңирээк аңдоого өбөлгө түздү.