Рубрика "Слово ректора"

Билим экспорту боюнча атайын окуу имараты курулду

Рынок заманында ар ким өзүнүн чыгарган продукциясын сатат.

Университет, университеттин окутуучуларынын даярдай турган бир эле мүмкүнчүлүгү бар бул өзүнүн берген билимин, интеллектуалдык көрөңгөсүн, тарбиясын студенттерге өткөрүп берүү жана интеллектуалдык жана профессионалдык адис катарында даярдоо.

Бүгүн биздин билим берүүгө чет өлкөлүк жарандар муктаж болуп келип жатышабы? Демек керектөө рыногу бар. Биз ошол рынокту ийкемдүү жана ыңгайлуу пайдаланышыбыз керек. Эгер биз буга маани бербесек, билим экспортун өнүктүрбөсөк башкалар бул демилгени колго алат да, бул ваакумду ээлеп алат.

Биз 15 жылдан ашуун билим экспорту менен иштеп келебиз. Бирок чет өлкөлүк студенттерге өзүнчө шарт, өзүнчө мамиле, өзүнчө система түзө албай келгенбиз. Андыктан биз бул ишти астейдил колго алдык. Өзүнчө чет өлкөлүк студенттерге системалуу шарт жаратып, кыргыз билим берүүсүнүн стандарттарын сактаган, бирок студенттер барып иштей турган мамлекеттин да өзгөчөлүктөрүн үйрөтүп окута турган факультет түздүк. Кыргызча, орусча, англисче билим берүүгө дарамети бар окутуучуларды даярдадык. Келишимдик акыларын эки эсе көтөрдүк. Университеттин финансылык абалын жакшырта турган, сапаттуу билим берүүгө жол ачкан факультетти, анын окуу корпусун куруп бүттүк.

Бир чет өлкөлүк студент-чоң инвестиция. Ошко чет өлкөдөн самолет менен учуп келишет. Акча төлөшөт. Жылына бир-эки жолу учуп барып, келип турушат. Мобилдик байланыш менен эң көп пайдаланышат. Интернет менен көп иштешет, бир Оштуктун үйүндө жашап, батир акысын төлөйт, транспортто жүрөт, тамак аш менен азыктанат, кийинет, келишим акысын төлөйт. ушунун баары Кыргызстандын экономикасына кошкон чет өлкөлүктөрдүн чоң салымы.

Биз билим экспортун өнүктүрөбүз жана ал аркылуу университетти эл аралык билим берүү талаптарына ылайык трансформациялайбыз. Төмөндө жаңы корпусту көрсөңүздөр болот.

7894 14:06 01-03-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|