Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агардык технологиялар институтунда Адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы боюнча ТТДТТжАГИнин жана дин таануу факультетинин 1-курстарынын катышуусунда кече өткөрүлдү. Кеченин биринчи бөлүгүндө роман боюнча викторина уюштурулду, 2 - бөлүгүндө чыгармадан алынган сахналык көрүнүштөр, көркөм окуулар аткарылды. Ошондой эле жазуучунун чыгармалары боюнча обондуу ырлар да тартууланды. Кечеге катышкан окутуучулар, ОшМУнун Жаштар комитетинин жана Акыйкатчы аппаратынын жетекчилери иш-чаранын жогорку денгээлде өткөндүгүн белгилешти жана уюштуучулар доцент Ф.Алиевага, улук окутуучу Г.Толубаевага, окутуучу У.Мураталиевага ыраазычылык билдиришти. Доцент Ф.Алиева кеченин залкар жазуучунун чыгармасы менен студенттерди терендеп тааныштыруу, анын универсалдуу маани-маңызын ачуу максатында долбоор катары алынып чыккандыгын, бул иш башка факультеттерде да улантыла тургандыгын белгиледи.