Haber

СТУДЕНТТЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН СОНУН ЖАҢЫЛЫК!

СТУДЕНТТЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН СОНУН ЖАҢЫЛЫК! Япониядан иш берүүчүлөр ОшМУнун медициналык колледжине келишти! 2025-жылдын 17-ноябрь күнү медициналык колледжде Япониянын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Алар улгайган адамдарды кароо (caregiver) багыты боюнча расмий жумуш орундары тууралуу кеңири маалымат беришти. Студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк: Туруктуу айлык жана мыйзамдуу жумуш Коопсуз шарттарда иштөө Жеке өнүгүү жана тажрыйба топтоо Япон тилин үйрөнүүгө, кесиптик деңгээлин жогорулатууга шарттар Эл аралык деңгээлдеги карьера баштоо мүмкүнчүлүгү Кимдер катышса болот? Медициналык багыттагы студенттер, бүтүрүүчүлөр жана улгайган адамдарды кароого кызыккандар. Максат – студенттерди дүйнөлүк стандарттагы жумуш менен камсыз кылуу жана кесиптик тажрыйбасын кеңейтүү. Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжи ар дайым студенттерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келет. Бул жолу да чоң эшик ачылды! ОшМУ нун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн улук окутуучусу Эсеналиева Айгулянын демилгеси менен , азыркы учурда жогорудагыдай кызуу аракеттер болуп жатат. Бул биздин окуу жайдын студенттери үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Кызыктар студенттер үчүн ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу Уулкыз Абдысатаровна кеңири маалымат берет. Толук маалымат жана катталуу үчүн: (0550233854, 0778233854) байланышсаныздар болот.
64 08:49 16-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|