Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен «Go Green Week – 2025» жумалыгы жарыяланды.
Иш-чара ОшМУнун Туруктуу өнүгүү стратегиясына арналган жана 2-курстарда окутулуучу «Жогорку билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү» тандоо курсуна негизделет. Жумалыктын максаты – студенттердин туруктуу өнүгүү багытында алган билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана чыгармачыл потенциалын көрсөтүүгө шарт түзүү.