Жанылыктар

Дүйнө элдеринин маданияты

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин 1-курс студенттери арасында өткөн «Дүйнө элдеринин мозаикасы» аттуу конкурс. 10 декабрда Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 1-курс студенттеринин катышуусунда «Дүйнө элдеринин мозаикасы» аттуу жаркын жана таасирдүү конкурс өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты - студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, маданияттар аралык диалогду бекемдөө жана дүйнө элдеринин бай салт-санаасын таанытуу. Конкурс беш этаптан турду, алардын ар бири дүйнөнүн маданий ар түрдүүлүгүн жаңыча ачып берди: 1. Командалардын саламдашуусу - командалар өздөрүн тааныштырып, ураандарын айтып, достук жана чыгармачылык маанай түзүштү. 2. Элдин визиттик карточкасы - катышуучулар тандаган элдин тарыхын, салттарын, улуттук кийимдерин жана белгилерин көрсөтүштү. 3. Интеллектуалдык раунд - студенттер география, тарых, тил жана элдердин каада-салттары боюнча билимин сынашты. 4. Дүйнө элдеринин ашканалары - командалар улуттук тамак-аштардын презентацияларын даярдап, көрүүчүлөрдү ар мамлекеттин даамдары менен тааныштырышты. 5. Музыкалык номер бул этапта ар улуттун искусствосун жана улуттук обондорун чагылдырган чыгармалар аткарылды. Иш-чара коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоодо билим берүү ПЦКнын окутуучулары Толобаев П.А., Ормонова А.Т., Ормоналиев К.О., Сыдыкова М.Т., Солтоев З.А. жана Абдрахманова А.А. жана «Тарых сүйүүчүлөрү» кружогунун тарабынан даярдалды. «Дүйнө элдеринин мозаикасы» студентти бириктирген, алардын таланты менен чыгармачылыгын ачкан, дүйнө элдерине болгон урмат-сыйын көрсөтүүгө шарт түзгөн маанилүү иш-чара болду. Конкурс катышуучуларга да, көрүүчүлөргө да унутулгус таасирлерди тартуулады.
27 03:00 17-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|