1-курстун студенттери үчүн конок лекция уюштурулду.
09:31
17-12-2025
60
ОшМУ нун медициналык колледжинин табият таануу жана так илимдер ПЦК нын окутуучулары тарабынан "Фармация" адистигинин 1-курстун студенттери үчүн конок лекция уюштурулду. Бул конок лекцияны ОшМУ нун эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын доценти, х.и.к. Тешебаева Урниса Тиленовна "Белоктор" деген темада өтуп берди.Сабакта белоктордун медициналык мааниси боюнча кызыктуу жана жеткиликтүү маалымат берилди. Сабакта видео материалдар, слайддар колдонулуп, көргөзмолуу өтүлдү.