Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Адабият күнүнө карата жана кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгына арналган «Улуу жазуучуга таазим» аттуу салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын максаты — Чыңгыз Айтматовдун бай адабий мурасын даңазалоо, студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана улуттук руханий баалуулуктарды жайылтуу болду. Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Кеченин жүрүшүндө улуу жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар берилип, чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулду жана сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Иш-чара мазмундуу өтүп, катышуучуларга чоң таасир калтырды.