Haber

«Билерман ордо»: Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына карата интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 12-декабрь — Адабият күнү жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгынын мааракесине карата «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча уюштурулуп, ага колледждин студенттеринен түзүлгөн ондогон команда катышты. Оюнда жазуучунун чыгармалары, каармандары жана идеялары боюнча суроолор берилди. Иш-чаранын максаты — студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, Чыңгыз Айтматовдун мурасын тереңдетип үйрөтүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо. Мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн командалар диплом жана белектер менен сыйланышты.
33 04:17 18-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|