Жанылыктар

“Кулун-Ата” коругунун дары өсүмдүктөрү аталышындагы окуу китеби жөнүндө семинар

2025-жылдын 17-декабрь күнү ТТДТТжАТ институтунун “Кулун-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругу менен биргеликте алып барып жаткан иштери жана доцент Б.А. Каримов, А.Ж. Дурсунбаева, К.Абдисатаров, Бердали уулу Марат тарабынан жазылган “ Кулун-Ата” коругунун дары өсүмдүктөрү аталышындагы окуу китеби жөнүндө семинар болуп өттү.

Катышуучулар: биология багытынын студенттери, магистрлер жана институттун профессордук-окутуучу жамааты, ички гранттык долбоор аткаруучулары: А.Боронбаева, Ж. Абдырахманова, “Кулун-Ата” коругунун директорунун милдетин аткаруучу Бердали уулу Марат, коруктун ага илимий кызматкери К.Абдисатаров.

Семинарды институттун директору проф. А.Г. Низамиев ачып, “Кулун-Ата” коругунун аймагына болгон илимий экспедициянын негизинде жазылган “Спорттук туризмди өнүктүрүү потенциалдары” аталышындагы илимий макаласы жөнүндө доклад кылды.

Андан соң коруктун ага илимий кызматкери К.Абдисатаров “Кулун-Ата” коругунуна ОшМУнун окумуштуулары тарабынан жасалган илимий экспедициялар” жөнүндөпрезентация жасады.

2006-2007-жылдары б.и.д., профессор, маркум Б.К.Кулназаров жетектеген, курамында биология илимдеринин кандидаттары, доценттер С.Абжамилов, А.Абдыкааров, К.Стамалиев, У.Атабеков, К.Алтыбаевдер жана коруктун егерлери катышышкан экспедициянын натыйжасында “Кулун-Ата мамлекеттик коругунун илимий эмгектери” (Бишкек, 2008) аталышындагы “№1-Жарчысы” жана “Летопись природы. Том I” (2015) жарык көргөнү белгиленди.

2016-2017-жылдары ОшМУнун “Кыргызстандын түштүгүнүн өсүмдүктөр дүйнөсү” аттуу илимий мектептин башчысы, б.и.д., профессор, маркум Б.Каримованын жетекчилиги менен уюштурулган, курамында биология илимдеринин кандидаттары, доцент О. Коланов, доцент Б. Каримов, ага окутуучу О. Маматкулов, магистранттар Бактыбек уулу Эламан, Абдинаби уулу И. катышышкан изилдөөлөрдүн негизинде Кулун-Ата коругунун музейине 500 (беш жүз) гербарий, 270 суу өсүмдүктөрүнүн сүрөттүү коллекциялары тапшырылганы белгиленди.

Жогорудагы илимий экспедициялардын натыйжасында “Кулун-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругунун музейи ачылгандыгын коруктун кызматкерлери ыраазычылык менен эскеришти.

Коруктун кызматкерлери менен биргеликте көп жылдык изилдөөлөрдүн жана “Табиятта сейрек кездешкен дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү интродукциялоо” долбоорунун алкагында жазылган “Кулун-Ата” коругунун дары өсүмдүктөрү аталышындагы окуу китеби жөнүндө б.и.к., доцент Б.А. Каримов маалымат берди.

Авторлор институттун кетепканасы менен окуу залына китептерди белекке тапшырышты.

Келечекте бирге аткарылуучу жумуштар жана максаттар жөнүндө кафедра башчысы, б.и.к доцент К.Ы. Стамалиев баяндама жасады.

Семинардын соңунда китептин авторлоруна сыйлыктар тапшырылды.

16 08:33 18-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|