Haber

Бишкекте 2025-жылдын 16-17-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг өттү.

«Имараттарды энергиялык сертификаттоону өркүндөтүү: жаңыланган методология жана санариптик инструменттер» мастер-тренинги Бишкекте 2025-жылдын 16-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг өттү. Бул иш-чара Кыргызстандагы энергия эффективдүүлүгүнүн келечектеги өнүгүүсүнө негиз боло турган жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерди таанытуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Имараттарды энергиялык сертификаттоо бул имараттардын энергиялык мүнөздөмөлөрүн объективдүү баалоого, энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого жана заманбап технологияларды колдонууга өбөлгө түзгөн механизм. Методологияны жаңыртуу жана жаңы санариптик инструментти иштеп чыгуу боюнча иштер ЮНИСОН Групп тарабынан 2024-жылдан бери «Өлкө боюнча энергия эффективдүүлүк боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп келет. Долбоор IKI (International Climate Initiative) кичи гранттар программасы тарабынан колдоого алынган жана Германиянын Экономика жана климаттык аракеттер министрлиги (BMWK) менен Германиянын Тышкы иштер министрлиги (AA) тарабынан каржыланып, GIZ тарабынан ишке ашырылууда. 16-декабрдагы мастер-тренингде төмөнкү багыттар боюнча материалдар сунушталды: • энергия эффективдүүлүгүн эсептөөнүн жаңыртылган методологиясы; • энергия керектөөсүн, СО₂ бөлүнүшүн жана жаңылануучу энергия булактарынын үлүшүн аныктоочу жаңы санариптик Tool; • практикалык кейстер жана реалдуу долбоорлордун талдоосу; • жаңыртылган методологияны практикага киргизүү боюнча сунуштар. Иш-чара өлкөнүн энергия эффективдүүлүк боюнча консультанттарын, эксперттерди, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерди бириктирип, тармактын келечектеги адистеринин даярдыгын чыңдоого жардам берет. Бул мастер-тренинг Кыргыз Республикасында энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу, улуттук консультанттар реестрин кеңейтүү жана имараттарды энергиялык сертификаттоо системасын санариптик деңгээлге чыгаруу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Бул аракеттер жакынкы жылдары өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, курулуш секторунда сапатты жогорулатууга жана жарандардын жашоо шартынын жакшыртылышына өбөлгө түзөт. 2025-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарында «Энергоэффективдүүлүк боюнча улуттук диалог: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечектер» аттуу иш-чара өттү. Бишкек шаарында өткөн бул конференция Кыргыз Республикасында энергоэффективдүүлүктүн учурдагы абалын талкуулоого жана бул багыттагы улуттук демилгелердин жыйынтыктарын сунуштоого багытталды. Иш-чара Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын, эксперттик жана кесиптик коомчулуктун, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрүн бириктирди. Бул семинар-тренинг жана конференцияга Энергетика кафедрасынын доценти З.Ш. Айдарбеков жана ага окутуучу А. Жороевдер катышып келишти.
9 16:10 18-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|