Жумушчу топтун Бешинчи Стандарт боюнча кезектеги онлайн-жолугушуусу өткөрүлдү.
05:25
19-12-2025
255
Жолугушууда Бешинчи Стандарттын түзүмүнө кирген бардык критерийлер толук талкууланды. Жумушчу топтун катышуучулары ар бир критерийдин учурдагы аткарылыш абалын талкуулап, күчтүү жактарын белгилешти жана жакшыртууну талап кылган багыттарды аныкташты.
Айрыкча документтер менен тастыктоо жана стандарттардын талаптарына ылайыктык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Далилдерди топтоо процессин жакшыртуу боюнча сунуштар айтылып, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн катышуусун жогорулатуу идеялары каралды.
Ошондой эле катышуучулар тажрыйба менен бөлүшүп, азырынча натыйжалуулугун көрсөткөн практикалык чечимдерди сунушташты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча корректирлөө иш-чараларынын планы түзүлүп, жооптуу адамдар дайындалды.