Новости

STEM инновациялык колледжинде бүтүрүүчү курстардын өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

STEM инновациялык колледжинде Информациялык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ адистиги, информациялык дисциплиналар циклынын «Колдонмо информатика», «АСОИУ» адистиктеринин жана Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн «ТОРАТ», «Электр менен камсыздоо» адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга бөлүм башчылары Сатаров Арзымат Эминович, Шакиров Кылыч Курбанбаевич, колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура Советовна ошондой эле болумдун практика жетекчилери Рахманберди кызы Мырзагул, Сманалиев Дастан жана башка практика жетекчилери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин өндүрүштүк практиканын жыйынтыктары талданып, аткарылган иштер боюнча баяндамалар угулду. Өндүрүштүк практиканын өтүү мөөнөттөрү: АСОИУ, ТОРАТ, Электр менен камсыздоо адистиктери үчүн: 03.11.2025 – 29.11.2025; Колдонмо информатика, ТОСВТ адистиктери үчүн: 17.11.2025 – 13.12.2025. Конференциянын жыйынтыгында студенттердин практикалык даярдыгы жогору бааланып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө тиешелүү сунуштар берилди.
18 12:05 19-12-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|