News

Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көрүүчү балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын окуучулары үчүн келе жаткан Жаңы жылдык майрам өзгөчө маанайда өттү.

Бүгүн 19.12.2025-ж. Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көрүүчү балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын окуучулары үчүн келе жаткан Жаңы жылдык майрам өзгөчө маанайда өттү. ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледждин коомдук илимдер жана АЧДББ циклынын торайымы Г.Б. Тумонбаева, окутуучулары А.А. Закирова,Н.К. Токторова жана Кубанычбек у. А. студенттер менен биргеликте бул майрамдык күндү жакшыртуу максатында интернатка барып, концерттик программа тартуулап, ар бир балага кубаныч тартуулашты. Ыр-бий, оюн-зооктор менен коштолгон иш-чара балдардын жүзүнө күлкү, жүрөгүнө жылуулук тартуулады. Бул кайрымдуулук иш-чарасы — боорукерлик менен бири-бирибизге көңүл буруунун, майрамдык маанай тартуулоонун ачык мисалы болду. Окутуучулар жана студенттердин демилгеси жана ыктыярчылык аракети коомубуздагы өзгөчө балдарга көңүл буруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды. Жакшылык — жугуштуу. Жаңы жыл ар бир бала үчүн үмүт, кубаныч жана мээрим тартуулаган майрам болсун!
12 16:17 19-12-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|