МФТИТ институтунда Энергетиктер күнү белгиленди
Бүгүн МФТИТ институтунда Энергетиктер күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Энергетика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага энергетика тармагында эмгектенип жүргөн тажрыйбалуу адистер конок катары чакырылды.
Майрамдык программа алкагында адистер студенттер менен жолугушуп, өздөрүнүн кесиптик тажрыйбалары, энергетика тармагынын өнүгүүсү жана келечеги тууралуу баалуу пикирлерин бөлүштү. Иш чара ыр, бий менен коштолду.
Ошондой эле, бул майрамга карата алдын ала энергетика адистигинин студенттери арасында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүп, иш-чаранын жүрүшүндө алардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Мындай иш-чаралар студенттердин ынтымагын бекемдеп, кесипке болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт. Иш-чараны уюштурган энергетика кафедрасына, конок адистерге жана активдүү катышкан студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз.
Бардык энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!