Жанылыктар

Теориядан практикага: сурдомектептеги педагогикалык тажрыйба

2025-жылы 19-декабрь күнү педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Самиева Айсана Жакыпбековна тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында ФжМАК институтунун 2,3,4-курстун студенттери Кара-Суу шаарындагы сурдомектепке барышып, окуучулар үчүн майрамдык иш-чара уюштуруп келишти. Иш-чара СРСПнын алкагында өткөрүлүп, анын негизги максаты — 1) Келечектеги педагог-студенттердин теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу, 2) Өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар окуучулар менен жекече иштешүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, 3) Мугалимдин жетекчилиги астында студенттердин кесиптик тажрыйбасын жана социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу болду. Окуучулардын жылмаюусу — иш-чаранын эң баалуу жыйынтыгы болду.
20 06:27 20-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|