Жанылыктар

Балдар ооруканасына куурчак театры көрсөтүлдү

Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти Бактыгүл Байтикова тарабынан “Долбоордук практикум” сабагы өтүлөт. Ал сабакта студенттер адистигине карай ар кандай долбоордук иштерди презентациялап, жыйынтыгында топтук долбоор түзүшкөн. Ал долбоор – куурчак театры. Студенттер эки жомокту жана кичинекей балдар үчүн ырларды даярдап, Ош областтар аралык балдар клиникалык ооруканасынын бейтап балдарынын көңүлүн ачып келишти. Оорукананын директору Толоров Жыргалбек студенттерге жана доцент Б.Байтиковага ыраазычылык билдирип, мындай демилгелүү иштердин студенттердин колго алганы абдан мыкты көрүнүш экендигин белгилеп, аларга ийгилик каалады.
22 06:36 20-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|