Жанылыктар

“Долбоордук практикум” предмети боюнча студенттердин презентациялоо иш-чарасы болуп өттү

Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти Ташболот Жороев, кафедра башчысы, доцент Байтикова Бактыгүл жана улук окутуучу Камчыева Жылдыз тарабынан “Долбоордук практикумдан келечекке карай” иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага кыргыз филологиясы бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери (5 тайпа) катышты. Аталган иш-чара эки бөлүктөн туруп, 1-бөлүктө жарманке көрсөтүлдү, анда студенттер колдо жасалган буюмдарды, тамак-аштарды, ар кандай долбоорлордун презентациясын алып чыгышты. Мугалим бир эле учурда адис, ишкер, ошондой эле, менеджер-уюштуруучу экендигин көрсөтүштү. 2-бөлүктө бардык тайпалар адистикке тиешелүү долбоорлорду сунушташты. Негизинен: чет элдиктерге тил үйрөтүү долбоорлору, “ЖРТга окутуу” курстары, куурчак театры, улуттук логотиби бар улуттук тамак-аштардын долбоорлору корголду. Иш-чара жогорку деңгээлде болуп, ага мектеп мугалимдери, кесиптик лицейлердин студенттери, окутуучулар, ишкерлер катышты. Кафедра башчысы Б.Байтикова келген конокторго ыраазычылык билдирип, аларга Дипломдорду, студенттерге сертификаттарды тапшырды.
21 07:31 20-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|