САПАТТУУ БИЛИМ — ЖОГОРКУ РЕЙТИНГ: ПЦК ОКУТУУЧУЛАРЫ УЛУТТУК СЕМИНАРДА
07:56
20-12-2025
11
Билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу жана заманбап стандарттарга шайкеш келүү — бүгүнкү күндүн негизги талабы. Ушул максатта, ОшМУнун Медициналык колледжинин Предметтик-циклдик комиссиясынын (ПЦК) окутуучулары жакында өткөрүлгөн «Улуттук рейтинг: Орто кесиптик билим берүү мекемелеринин натыйжалуулугун баалоо жана стратегиялык өнүгүү» аттуу маанилүү семинарга катышып келишти.