«Бүгүнкү студент – эртеңки адис: кесиптик даярдыкта ата-эненин ролу» аттуу ата-энелер чогулушу болуп өттү
14:29
20-12-2025
5
«Бүгүнкү студент – эртеңки адис: кесиптик даярдыкта ата-эненин ролу» аттуу ата-энелер чогулушу болуп өттү
Индустриалдык педагогикалык колледжинде «Бүгүнкү студент – эртеңки адис: кесиптик даярдыкта ата-эненин ролу» деген аталышта ата-энелер үчүн маанилүү жыйын уюштурулду. Ата-энелер чогулушуна ПОВТАС адистигинде билим алып жаткан студенттердин ата-энелери катышты.
Чогулуштун негизги максаты — студенттердин кесиптик даярдыгында ата-эненин ролун күчөтүү, билим берүү процессиндеги кызматташууну бекемдөө жана жаштардын тарбиясына байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.
Жыйындын жүрүшүндө адистиктин билим берүү программасынын мазмуну, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү, студенттердин теориялык жана практикалык даярдыгы тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ата-эне менен окуу жайдын тыгыз кызматташуусунун мааниси баса белгиленип, балдардын билим алуусунда жана тарбиясында биргелешкен иш-аракеттердин натыйжалуулугу талкууланды.
Мындан сырткары, чогулушка Коомдук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү жана психологдор катышып, студенттердин коопсуздугу, коомдогу жүрүм-туруму, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, ошондой эле психологиялык колдоонун мааниси тууралуу маалымат беришти. Психологдор жаштар менен ата-энелердин ортосундагы түшүнүшүүнү жакшыртуу, стресстик абалдарды алдын алуу жана туура багыт берүү боюнча пайдалуу кеңештерди сунушташты.
Чогулуш ачык диалог форматында өтүп, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындай жолугушуулар студенттердин келечектеги адис катары калыптанышына оң таасир тийгизип, ата-эне, окуу жай жана коом ортосундагы кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жыйындын соңунда катышуучулар мындай мазмундагы жолугушууларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарылдыгын белгилешип, студенттердин билим сапатын жогорулатуу жана тарбиялык иштерди күчөтүү боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.