Адабият жумалыгы жыйынтыкталды
ОшМУнун институттарында, колледждеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” Жарлыгынын алкагында 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Адабият – нарктуулуктун башаты” аталышындагы өткөрүлүүчү иш-чаралар боюнча Жобосуна ылайык уюштурулган иш-чаралар ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинде да жыйынтыкталды.
Кыргыз адабиятынын алпы, кыргыз элинин шедеври Ч.Т. Айтматовдун жумалыгы ЭАББПКнын коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынын окутуучулары тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду.