ПЦКнын ОКУТУУЧУЛАРЫ ПРОВИЗОРЛОР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН АРДАК ГРАМОТАсы МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
05:44
25-12-2025
52
ОшМУнун Медициналык колледжинин «Фармацевтикалык дисциплиналар» предметтик-циклдик комиссиясынын жамааты үчүн 2025-жыл ийгиликтердин жылы болду.
Биздин окутуучулар 2025-жылдагы үзүрлүү эмгеги, мугалимдик ыйык кесипти аркалап, жаштарга татыктуу билим берип жаткандыгы, чыгармачылык иштериндеги жемиштүү ийгиликтери жана коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Түштүк региону боюнча провизорлор жана фармацевттер ассоциациясынын АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйланышты.