Жанылыктар

ТЫНЧТЫК САКТАЛСЫН: БИЛИМ СЫНООСУ БАШТАЛДЫ (2-МОДУЛЬ)

Учурда «Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсында окуу графигине ылайык 2-модулдук текшерүү башталды. Бул этап — студенттердин семестр ичинде алган теориялык жана практикалык билимдерин жыйынтыктоочу маанилүү сыноо. Экзамендердин объективдүү жана сапаттуу өтүшү үчүн аудиторияларда толук тынчтык жана тартип сакталууда. Ар бир студент өзүнүн билимин көрсөтүү үчүн максималдуу түрдө көңүлүн топтоп, жоопкерчилик менен мамиле кылууда. Биз үчүн ар бир студенттин билим деңгээлин ачык-айкын жана калыс баалоо башкы орунда турат. Тестологиялык стандарттарга ылайык түзүлгөн суроолор студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн аныктоого багытталган. Студенттерге ийгилик каалайбыз! Тынчтык сактап, келечектеги кесиптештерибизге колдоо көрсөтөлү. Медициналык колледж — сапаттуу билимдин мейкиндиги!
217 06:06 25-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|