2025-жылдын 15-декабрында «Укук таануу жана Укук коргоо» бөлүмүнүн окутуучусу Шакирбаева Бегимай Шакирбаевна тарабынан “Административдик-процедуралык укугу” дисциплинасы боюнча, “Сот актыларына даттануу жана кайра кароо ” деген темада ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакка Финансы-юридика колледжинин директору ю.и.к., доценти А.А. Эргешов жана “Ут жана УКИ” бөлүмүнүн окутуучулары Ж.Абдыкеримов жана А.Акматали уулу катышышты.