«Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын тили жана көркөм сүрөттөө чеберчилиги» аттуу студенттердин III илимий семинары
10:40
25-12-2025
175
2025 жылдын 23-декабрында ОшМУнун филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун төгөрөк залында «Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын тили жана көркөм сүрөттөө чеберчилиги» аттуу студенттердин III илимий семинарында, «Тарых жана Айтматов: Кыргыз коомунун тарыхый өнүгүүсү Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө» аталыштагы илимий секциянынын модераторлору т.и.к.,доцент Г. А. Анарбаева, соц.и.к.,доцент Г. Б. Тумонбаева, илимий тех катчы,окутуучу А. Ж. Абдалимовалардын жетектоосу менен мазмундуу жана жемиштуу откорулду. Ал эми циклдын окутуучулары Н. К Токторова жана М. М. Мамитовалардын жетекчилиги менен даярдалган баяндамалар жогорку баага ээ болуп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Бул илимий аянтча студенттер үчүн чоң стимул болуп, алардын изденүүсүнө, илимий ой жүгүртүүсүнө жана адабият менен таарыхты айкалыштырып Ч. Айтматовдун чыгармаларын жаңыча түшүнүүгө шарт түздү.