Ош мамлекеттик университетинде профсоюз комитетинин уюштуруусу менен ОшМУда эмгектенип жаткан кызматкерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
16:45
27-12-2025
160
Ош мамлекеттик университетинде профсоюз комитетинин уюштуруусу менен ОшМУда эмгектенип жаткан кызматкерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн кызыктуу концерттик программа уюштурулуп, оюн-зооктор өткөрүлдү. Майрамдын соңунда профсоюз комитети тарабынан кызматкерлердин балдарына Жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Бул иш-чара балдардын майрамдык маанайын көтөрүп, аларга унутулгус кубаныч тартуулады. Профсоюз комитети кызматкерлердин социалдык колдоосуна багытталган мындай иш-чараларды мындан ары да уланта бермекчи.