Новости

Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Ормотаева Мунара — “Кыргызстандын эң мыкты студенти” наамынын ээси

Ормотаева Мунара жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык конкурска катышып, “Кыргызстандын эң мыкты студенти” наамын жеңип алды. Ал Бишкек шаарында өткөн салтанаттуу иш-чарада төш белги жана ардак грамота менен сыйланды. Быйыл бул конкурска өлкө боюнча 1300дөн ашуун студент катышып, алардын арасынан 100 гана мыкты студент сыйлыкка татыды. Ормотаева Мунаранын бул ийгилиги — анын билимге болгон умтулуусунун, жигердүүлүгүнүн жана эмгекчилдигинин жыйынтыгы болуп саналат. Муну менен студенттердин коомдогу орду жана жетишкендиктери дагы бир ирет таанылып, Мунара жаштарга үлгү боло турган жетишкендикке жетти. Куттуктайбыз!
159 08:45 28-12-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|