Жанылыктар

«Ийгиликтин изин ачабыз, изденгенге билим чачабыз»

Ош мамлекеттик университетинин Курулуш колледжинин 65 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Ийгиликтин изин ачабыз, изденгенге билим чачабыз» аттуу интеллектуалдык акыл таймашында Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери байгелүү орундарды ээлешти. Аталган ийгиликтин жеңүүчүлөрүн бүгүн колледждин директору Мелис Маматжан уулу кабыл алып, алардын жетишкендиктерин жогору баалап, билим алууда жана келечектеги ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
182 04:29 29-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|