ОшМУ – туризм: Иш берүүчүлөр менен 2025-жылга отчеттук жолугушуу жана жаңы 2026-жылга иш-пландарды мерчемдөө
04:54
29-12-2025
158
2025-жылдые 27-декабрында экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты “Ош дестинациясы” бирикмесинин өкүлдөрү менен жайыл дасторкон четинде туризм чөйрөсүндөгү 2025-жылдын отчету жана жаңы 2026-жылга иш-пландарды белгилөө максатында жолугушуу өткөрдү. Ага «Дестинация Кыргызстан” ассоциациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын туризм боюнча элчиси Алиев Абдулкадыр Абсаматович, «Эко Хаус Ресорт» ЖЧКнын директору Акматов Абдирасул Жамшитович, «Pamir nomad» боз үйлөр лагеринин директору Нишанов Абдыразак Ахматович, «Ала-Тоо-Мото» ЖЧКнын директору Ибрагимов Шахрух Рустамович, «Экстрим Номад» ЖЧКнын директору Кулуева Айнура Абдубаповна, «ИнтерАзияГрупп» туристтик компаниясынын генералдык директору Калмурзаев Уруслан Дүйшөбаевич конок катары чакырылды. Жолугушуу мезгилинде быйылкы жылдагы жасалган иштер, ийгиликтер жана үлгүрбөгөн иш-аракеттер боюнча талкуу өттү. Аккредитация, мамлекеттик аттестация, улуттук жана эл аралык рейтинг, туризм жаатында окуу, илим жана бизнес чөйрөлөрүндөгү байланыштар, карым-катнаштар жана өз ара пайдалар жөнүндө баса белгиленди. Ошондой эле 2026-жылга биргеликте аткара турган иш-мерчемдер аныкталып, макулдашылды. Жаңы жылда биргеликте, бир аракетте, бир максатта студенттерге билим берүү, илимди өнүктүрүү жана туристтик бизнести жайылтуу максатында жаңы ийгиликтерди жаратабыз!