Жанылыктар

Окутуучулар арасындагы XXXIII спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

29-декабрда Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында уюштурулган XXXIII спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Спартакиадага ректораттын, институттардын, факультеттердин жана колледждердин 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогоркулардан түзүлгөн командалар катышты. Мелдештер декабрь айынын ичинде дем алыш күндөрү өттү. Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча – волейбол, баскетбол, футбол, кичи футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, аркан тартыш жана шахмат боюнча күч сынашты.

Командалык эсеп боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү болду:

  • 1-орун – Экономика, бизнес жана менеджмент институту;
  • 2-орун – STEM инновациялык колледжи;
  • 3-орун – Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту.

Сыйлоо аземине ректор Кудайберди Кожобеков, Кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров жана окуу жайдын жамааты катышты. Жеңишке жеткен командаларга дипломдор, кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Спартакиаданын жалпы байге фонду 240 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, бул спартакиада окутуучулардын ден соолугун чыңдоо, спортту жайылтуу жана жамаат арасында достук мамилени бекемдөө максатында жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет.

185 18:40 29-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|