Педагогика, искусство жана журналистика институтунда «Искусство – болочок мугалимдин көзү менен» аттуу көргөзмө уюштурулду
2025-жылдын 19-декабрь күнү Педагогика, искусство жана журналистика институтунун башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Джанибаев Каныбек Джарматович 206-каанада эстетикалык тарбиялоонун теориясы жана технологиясы дисциплинасы боюнча 550700 педагогика багытындагы башталгыч билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү, логопедия адистиктеринде окуган студенттердин колунан жасалган көргөзмө уюштурду. Көргөзмөгө институттун директору доцент З.С.Божонов баштаган окутуучулук курам, студенттер, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №62 “Каныкей” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин директору Сатыбалдиева Кыял Асановна баштаган жамаат катышты. Көргөзмөнү кафедра башчысы доцент Д.А.Тагаева ачып, институттун директору З.С.Божонов куттуктоо менен бирге агайга жана ал окуткан студенттерге чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү. Ошондой эле республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институтунун тренери Нурлан Кармышаковдор конок катары келип, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Көргөзмөдө студенттердин колдорунан жасалган кол өнөрчүлүк чыгармалары, сүрөттөрү коюлду. Балдар бакчасынан келген тарбиячылар Каныбек Джарматовичке суроолорун беришип, агай окуткан дисциплина боюнча студенттердин чыгармалыгы менен иштелип чыккан буюмдарды даярдоодогу эрежелер, дисциплинаны окутууда методдор боюнча учкай баяндап берди.











