Новости

“Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференцияга башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынан катышты

“Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференцияга башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынан катышты

2025-жылдын 29-ноябрында ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Пленардык жыйында 7 жогорку окуу жайдын студенттери баяндама жасады. Жаш илимпоздордун илимий макалалары илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 20 секцияда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор, катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. ОшМУнун ПИжЖ институтунун БББТМ кафедрасынын доценттери Т.Акматова, Р. Турганбаева, Д.Тагаева, ага окутуучу Х.Ибайдуллаев жана окутуучу Н. Капаровалардын студенттери илимий докладдарын баяндоо менен катышып келишти. “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференциянын жыйынтыгында мыкты баяндаган доклады үчүн Т. Акматованын магистранты М. Рахимова I даражадагы диплом менен сыйланды. XVIII Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо секциясында доцент Т. Акматова модератор, ал эми катчысы окутуучу Н.Капарова болду. Ал эми XIX Этнопедагогиканын жана башталгыч билим берүүнүн актуалдуу маселелери секциясында модератор доцент Р. Турганбаева, катчы доцент Д.Тагаева болду. Илимий эл аралык конференцияга катышкан Х. Ибайдуллаевдин, Р. Турганбаеванын, Н. Капаровалардын экиден студенттери сертификаттарга ээ болушту.

15 10:57 30-12-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|