27.11.2025-ж. "КИжАЧДББ" ПЦКнын окутуучу Н.К.Токторова Финансы-юридикалык колледжинин ФКК-1-25 тайпасына дүйнө тарыхы предметинен «Биринчи дүйнөлүк согуш» деген темада ачык саат өттү. Ачык сабакта студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, өз ойлорун ортого салышты. Тема боюнча слайддар, тарыхый карталар жана кошумча материалдар колдонулуп, сабак кызыктуу жана мазмундуу өттү.Ачык сабакка циклдын т.и.к.доцент Маматов А.М., К. Бакиров, А.Кебеков окутуучулар С. Кудайбердиев, Д. Анарбаева, К. Бадалова, Мамитова М, Рыскуловалар катышып, ачык сабак өз максатына жетти деп бааланды.