Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары ОшМУнун XXXIII спартакиадасында лидерликти көрсөттү
16:47
30-12-2025
17
2025-жылдын 29-декабрында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин XXXIII спартакиадасы жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Спартакиаданын алкагында университеттин ар кайсы факультеттеринен түзүлгөн командалар спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашып, мыкты даярдыгын, командалык биримдигин жана жогорку спорттук духун даңазалашты.
Аталган ири спорттук иш-чарада Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулар курама командасы өзгөчө активдүүлүгү жана жогорку жетишкендиктери менен айырмаланып, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду. Тактап айтканда, агайлар курама командасы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:
баскетбол боюнча — I орун,
стол тенниси боюнча — I орун,
волейбол боюнча — II орун,
кичи-футбол боюнча — II орун.
Мындан сырткары, факультеттин эжекелер курама командасы волейбол боюнча мыкты оюн көрсөтүп, I орунду татыктуу багынтты.
Ошондой эле спартакиаданын жүрүшүндө Кыргыз-Кытай факультетинин өкүлдөрү бир катар жеке номинациялардын жеңүүчүлөрү болушту. Тактап айтканда:
волейбол боюнча «Мыкты оюнчу» — Алтынбеков Авазбек агай,
кичи-футбол боюнча «Мыкты коргоочу» — Каримов Кыяз агай,
кичи-футбол боюнча «Мыкты дарбазачы» — Алтынбеков Аваз агай,
эжекелер арасында волейбол боюнча «Мыкты оюнчу» — Абдыкаарова Турдукан эжеке,
стол тенниси боюнча «Мыкты оюнчу» — Пазылов Тыныстан агай.
Мындан тышкары, эң жогорку сыйлык — «Спартакиаданын мыкты мырзасы» наамы да Пазылов Тыныстан агайга ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр жана номинация ээлери уюштуруучулар тарабынан грамоталар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул жетишкендиктер Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучуларынын спортко болгон жогорку кызыгуусун, жигердүүлүгүн жана сергек жашоо образын колдоорун айгинелеп, жамааттын ынтымагын жана биримдигин дагы бир ирет тастыктады.