Жанылыктар

конок лекцияда

2025-жылдын 3-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Финансы жана юридикалык колледжинин Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү ПЦКнын окутуучулары Д.М. Анарбаева жана Н.К. Токторова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Ош шаарындагы Гуманитардык табигый илимдер факультетинин экинчи курстун студенттери үчүн "Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктүн калыптанышы" деген темада конок лекциясын окуу үчүн барышты. Лекцияда төмөнкү негизги темалар камтылды: этникалык жана жарандык иденттүүлүктүн айырмачылыктарын талдоо. Жарандык иденттүүлүк мамлекетке таандык болуу сезимине, анын мыйзамдарына, мамлекеттик тилге жана этникалык тегине карабастан жалпы баалуулуктарга негизделгени баса белгиленди. Мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чара кесиптештердин арасында чоң кызыгууну жаратты. Лекциядан кийин студенттер менен маданияттар аралык диалог жана укуктук сабаттуулукка багытталган талкуу болду. Ийгиликтүү презентациялары үчүн окутуучулар Д.М. Анарбаева жана Н.К. Токторова ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Бул сапар академиялык байланыштарды чыңдоодо жана Кыргызстанда маалыматтуу жарандыкты өнүктүрүүнүн жолдорун биргелешип изилдөөдө маанилүү кадам болуп калды.
179 01:56 12-01-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|