Haber

"Заманбап коомдогу үй-бүлөнүн эволюциясы: тарыхый тажрыйба, психологиялык туруктуулук жана саясий факторлор"

2026 жылдын 5-7 январында "Заманбап коомдогу үй-бүлөнүн эволюциясы: тарыхый тажрыйба, психологиялык туруктуулук жана саясий факторлор" атуу темадагы эл аралык илимий практикалык конференция Өзбекстан Республикасынын Ташкент прикладдык илимдер университетинде болуп өттү. Аталган конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Американистика жана котормо кафедрасынын доценттери ф.и.к., Исмаилова Бумайрам Исмаиловна, ф.и.к. Кулубекова Азарабү Оморакуновна жана англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти,филология боюнча PhD Акматова Айниса Абдибаитовна конференциянын ишине активдүү катышышып докладдарын презентация кылышып келишти жана сертификаттарга ээ болушту. Бул конференция Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын илимпоздорунун ортосунда заманбап үй-бүлө темасындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана мындан ары да илимий кызматташууну өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк туздү.
34 09:26 12-01-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|