2025-жылдын 30-декабрында Ош шаарында социалдык жана экономикалык тармактардын жылдык жыйынтыгы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул маанилүү иш-чара шаар турмушундагы жетишкендиктерди белгилеп, келечекке багытталган максаттарды аныктоого арналды. Жыйынга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баэтов, ошондой эле ар кыл тармактагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө илимге кошкон зор салымы, тынымсыз эмгеги жана жаратман изденүүлөрү үчүн ТТДТАТ институтунун химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Майрам Дукуевна Абдуллаева Ош шаарынын мэринин энчилүү сааты менен сыйланып, илим менен өндүрүштү айкалыштырган үлгүлүү окумуштуу катары коомчулукка таанылды.











