News

ОшМУда 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү талкууланды

13-январда Педагогика, искусство жана журналистика институтунда Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү маселесине арналган жыйын өттү. Иш-чарага институттун педагогикалык багыттагы кафедра башчылары, профессорлор, доценттер жана улук окутуучулар катышты. Жыйында өлкөдө 12 жылдык окутууга өтүү боюнча кабыл алынган концепциянын максаттарын ишке ашыруу жолдору талкууланды. Атап айтканда, билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана программаларды эл аралык тажрыйбаларга таянып кайра иштеп чыгуу, профессордук-окутуучулук курамды жаңы талаптарга ылайык кайра даярдоо маселелерине көңүл бурулду. Бул тууралуу Педагогика, искусство жана журналистика институтунун директору Замирбек Божонов маалымдады. Мындан тышкары педагогикалык багытта кадрларды даярдоочу кафедралардын окутуучуларын окутуу жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча аткарыла турган иштер белгиленди. Жыйындын соңунда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө жогорку окуу жайлардын ролу, келечектеги милдеттери жана ОшМУнун педагогикалык кадрларды даярдоодогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашуулар болуп, бир катар сунуштар айтылды.
6 08:25 14-01-2026

                 

News

|< 1 >|