СГД кафедрасынын улук окутуучулары Б.Адылбекова, К.Пасанова жана доцент Г.Орунбаевалар улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата студенттер арасында сүрөт конкурсун өткөрүштү.
Конкурс "Айтматовдун чыгармаларындагы образдар" деген темада белгиленип, студенттердин заманбап көз карашында образдарды чагылдырышы каралып, комиссия мүчөлөрү тарабынан мыкты деп бааланган сүрөт иштери диплом жана сертификаттар менен сыйланды.
Бул иш - чара чет элдик студенттер үчүн жазуучунун чыгармаларын сүрөт аркылуу таанууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.