Новости

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде академик Осмон Тогусаковго арналган эл аралык конференция өтөт

2026-жылдын 8-апрелинде Ош мамлекеттик университетинде «Азыркы чакырыктар контекстиндеги социогуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги Осмон Асанкулович Тогусаковдун жаркын элесине арналат. Конференцияны Кыргызстандын Түштүк философиялык коому жана ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети биргелешип уюштурууда. Иш-чара гибриддик (оффлайн жана онлайн) форматта өтүп, конференция кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот. Катышуучулар глобалдык трансформациялар, маданият жана иденттүүлүк, жасалма интеллекттин этикалык маселелери, ошондой эле дүйнөлүк саясаттагы баалуулуктар сыяктуу темаларда баяндама жасай алышат. Конференциянын материалдары КР ЖАК тарабынан таанылган жана РИНЦ системасына кирген «Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын кабарлары» илимий журналына жарыяланат. Катталуу 2026-жылдын 15-февралына чейин кабыл алынат. Арыздар жана материалдар төмөнкү электрондук почталар аркылуу кабыл алынат: e.sharipova_kg@mail.ru , mseidalieva.72@mail.ru , gbotokanova@gmail.com Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону (WhatsApp): +996 505 503 038.
86 08:28 20-01-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|