Жанылыктар

Ош облусу боюнча райондук, шаардык жана жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик уюмдарынын жыйыны өттү

16-январда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облусу боюнча райондук, шаардык жана жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик уюмдарынын жыйыны өттү. Анда Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин 2025-жылдагы иш кагаздары жана финансы маселелери боюнча жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы угулуп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилди. Андан сырткары 2026-жылга карата иш-пландар, иш кагаздарынын номенклатурасы, эки жана үч тараптуу келишимдер, сметалар талкууланып, бекитилди. Жыйынга кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери, эсепчилери жана эмгекти коргоо боюнча адистери катышты. Алар документтерди мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү, каржылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана социалдык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча пикир алмашышты. ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаровдун билдиришинче, жыйындын соңунда кесиптик бирликтердин 2026-жылдагы ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды.
64 03:46 21-01-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|