Жанылыктар

22-декабрь Энергетиктер күнү-2025

ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Майрамдык кече Энергетика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалып, коноктордун катышуусунда, концерттик программа менен коштолду. Алгач институтубуздун директору, доцент Б.А. Азимов салтанаттуу иш-чараны ачып берди жана Энергетика тармагынан келген конокторду, Энергетика кафедрасынын окутуучулук жамаатын жана студенттерди кесиптик майрамы менен кызуу куттуктады. Ал өз сөзүндө азыркы учурда кыргыз энергетикасы өнүгүп, алгылыктуу иш-аракеттер жүрүп жатканын баса белгилеп, ошону менен бирге ОшМУда дагы күн электр орнотмолору кеңири колдонулуп, энергетика багытында окуп жаткан студенттерге жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтып өттү. Энергетика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент З.Ш. Айдарбеков кыргыз энергетикасынын тарыхы, энергетиктер күнүнүн белгиленип калышы, кыргыз энергосистемасы жана Энергетика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери менен биргеликте аткарылган иштер менен тааныштырып, кеңири баяндама жасап берди. Энергетика кафедрасынын профессору, т.и.д. И.Г. Кенжаев, ОшТУнун Энергетика жана транспорт институтунун профессору, т.и.к., Токоев М.П., Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары Топчубаев А.А., “Бекстрой” курулуш компаниясынын директору Э.К. Олжобаев, “Пуск” ЖЧКсынын директору Ж.А. Ожорбаевдер куттуктоо сөздөрүн айтышты. Айыл-чарба колледжинин окутуучусу Д. Кушбакова жана ЭАСХ адистигинин студенттери катышышты. Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа ыр, интермедия, интеллектуалдык логикалык суроо жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата окуудагы мыкты студенттер институттун ардак грамотасы менен сыйланышты. Ал эми даталуу күнгө карата тайпалар арасында уюштурулган спорттун футбол, волейбол түрлөрүнүн жеңүүчүлөрү I, II, III - даражадагы диплом жана грамоталар менен сыйланышты.
125 04:46 21-01-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 >|