ОшМУнун STEM колледжинде эл аралык кызматташтык боюнча жолугушуу
08:36
22-01-2026
43
2026-жылдын 22-январь күнү ОшМУнун STEM инновациялык колледжининин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна жана директордун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Шералы уулу Нурбек Кытай Эл Республикасынын Central Asia, Overseas Business компаниясынын директору Хао Чжоу жана аталган компаниянын менеджери Тан Синьюй менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча анын ичинде келечекте материалдык базаны чыңдоо жана окутуучулар жана студенттер тажрыйба алмашуу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Кызматташуу уланат.