Жанылыктар

Академиялык мобилдүүлүк — 2026

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжи И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен түзүлгөн кызматташуу келишиминин алкагында билим берүү жана илим тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле өнөктөштүктү бекемдөө максатында академиялык мобилдүүлүк программаларын ийгиликтүү ишке ашырууда. Аталган программанын негизинде И. Арабаев атындагы КМУнун 050303 «Чет тили» адистигинин 2-курс студенттери — Кенешова Асема Асланбековна жана Жакшылыкова Касиет Канатбековна 2025–2026-окуу жылынын күзгү семестрин Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин «Чет тили» бөлүмүндө ийгиликтүү аякташты. Семестрдин жыйынтыгында студенттер окуу мезгилинде алган билимдери жана колледждин жетишкендиктери тууралуу Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору Мелис Маматжан уулу менен пикир алышты. Коштошуу учурунда студенттерге окууларын ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган транскрипттер, сертификаттар жана баалуу белектер тапшырылды.
84 03:16 24-01-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|