“Балалык (балдар оорулары). Тактоочтор” деген темада ачык сабак
06:04
24-01-2026
79
Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, доц. С.М. Амиралиев “Латын жана англис тилдери” предмети боюнча GM-I-16 тайпасына “Балалык (балдар оорулары). Тактоочтор” деген темада ачык сабак өттү. Сабак студенттер балалык жана балдар оорулары темасына байланыштуу лексиканы өздөштүрүүсүнө жана тактоочторду оозеки жана жазуу кебинде туура пайдалануусуна шарт түзүү максатын көздөдү. Окутуунун жүрүшүндө сүйлөө, жазуу, угуу жана окуу ишмердүүлүктөрү толук ишке ашырылып, сөз байлыкты жана ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган “Брейн-ринг”, “Электрондук карточкалар” сыяктуу заманбап технологиялар, өзгөчө баалоо системасы колдонулду. Жыйынтыгында студенттер балалыгы жөнүндө 3-5 сүйлөм айтып, балдар ооруларынын симптомдорун сүрөттөөдө жөнөкөй кеңештерди берүүдө тактоочторду катыштырып сүйлөөгө жетишишти.
Ачык сабакка кафедранын окутуучулары, методисттери катышып, өз бааларын беришти.