2026-жылдын 23-январында ОшМУнун кезектеги Административдик кеңеши болуп өттү. Күн тартибинин экинчи маселесинде ОСМКБнын башчысы М.М. Былыкова университеттин профессордук-окутуучулук курамынын 2024–2025-окуу жылынын рейтингинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
Маалыматтын жүрүшүндө рейтингдин жыйынтыктары кеңири талкууланып, катышуучулар тарабынан ар тараптуу пикирлер айтылды.
Максат: Рейтингдин жыйынтыктарын талкуулоо аркылуу профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүн баалоо, сапатты жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана келечектеги багыттарды аныктоо.
Жыйынтыгында, рейтингдин жыйынтыктары боюнча кызуу талкуу жүргүзүлүп, тиешелүү сунуштар кабыл алынды.